Бул беренеде сиздер менен Python тилинде саптарды форматтоону үйрөнөбүз
Саптарды % ыкмасы менен форматтоо
Мурун саптарды форматтоо %-оператору менен белгиленген .
Бул оератордун негизги синтаксиси
Сиздер сапты жазып анын ичинде %-операторун колдонсоңуз болот жана саптан кийин %-белгисин коюп саптын ичиндеги %-белгиси ордуна коё турган маанини жазасыз.М:
Саптарды форматтоонун бул ыкмасын көбүнчө эскирген деп аташат.Себеби, Python 3тө форматтоонун жаңы str.format, f-сап ыкмаларын киргизген.
Форматтоонун str.format() ыкмасы.
str.format() ыкмасынын синтаксиси:
биз саптын ичинде {}-колдонобуз.Бул кашалардын ордуна биз берген аргументтер жазылат.М, биздин максатыбыз "Салам, менин атым Джесика жана мен программист болуп иштейм "-деген сапты чыгаруу керек.
биринчи саптын ичине чарчы кашаларды коюп чыгабыз.
андан кийин str.format() ичине "Джесика", "Программист" деген маанини жазабыз
биздин код толугу менен мындай көрүнөт
Биз аргументтерге катар саны аркылуу да кайрылсак болот
Аталган аргументтер бул аргуменнтин атыдан жана маанисиден турган форматтоо, аргументтерди алуу үчүн анын атына кайрылабыз
Аталган аргумменттер менен катар сандуу аргуменнтерди бирге иштетсек болот
f-сап
f сапты колдонгондо аргументтерди чарчы кашага жазабыз,Саптын алдында чоң же кичине f тамгасын коюу абзел.
Берене сиздерге пайдалуу болду деген үмүттөмүн
Бул берене https://t.me/pythonist_ru телеграм каналындан алынып которулган
берененин түп нускасы: